Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:00

Сузактык эки малчы дале дайынсыз


Жалал-Абаддын Сузак районунун Түрк-Абад айылынын тургундары Мурзали Сариев жана Орипжан Маматалиев мындан 12 күн мурда кыштоого мал айдап кеткен боюнча дале дайынсыз. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдышарип Бекилов билдирди.

Анын айтымында, малчылар он чакты кочкорду унаага салып кыштоого жөнөшкөн жана жайлоодон көчүп келаткандарды тосуп алышмак. Машине жүрбөй калган жерден ары карай жөө кетишкен. Ошондон бери алардан кабар жок.

Эске салсак, Сузактын Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын тогуз малчысы 2 миң баш кою менен Нарындын Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7-октябрда калың жааган карга камалып, ашууда калышкан. Чабандардын бири, 52 жаштагы Толкунбай Абдыров суукка тоңуп өлгөн.

Учурда 1500 баш кой айдаган малчылардын бир тобу Тогуз-Торонун Чет-Булак айылына жетип калышты. Ал эми 500 баш кой айдаган эки чабан кечээ кечинде Сузактын Кум-Бел айылына келишти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары жоголгон эки малчыны издөөнү улантууда.(МТо)

XS
SM
MD
LG