Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Максүтов: ишти 1,5 ай ичинде бир багытка салабыз


Бул тууралуу “Азаттыкка” жаңы дайындалган маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов билдирди.

“2020-жылга чейин президенттин программасы бар. Буга чейин маданият министрлигинде кабыл алынган көптөгөн программалар бар. Ошолорду кагазда калтырбай, Кыргызстандын чыгаан ишмерлерин чакырып, бир жарым ай ичинде иреттеп, министрликтин сайтына илип, ишти бир багытка салабыз. Ар бир министр келип эле менин жаңы программам дей берсе багытыбызды өзгөртүп жиберебиз”, - деди Максүтов.

Ал ошондой эле, маданиятка салым кошчу ички инвесторлорго көңүл бурарын, каражатты көбүрөөк өнүгүүгө жумшарын жана бөлүнгөн акчанын кайда коротулуп жатканы тууралуу маалымат ачык болуп, министрликтин сайтына жайгаштырылып турарын кошумчалады.

8-октябрда Жогорку Кеңеш 84 добуш менен Алтынбек Максүтовдун талапкерлигин колдогон. (МТо)

XS
SM
MD
LG