Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:44

Германия: күрттөр “Ислам мамлекетине” каршы аракеттерди талап кылууда


Ишембиде Германиянын Дюссельдорф шаарында күрт улутундагы жыйырма миңдей адам нааразылык акциясына чыкты. Алар Сириядагы Кобани шаарында жашаган күрттөрдү «Ислам мамлекети» радикал тобунун басып алуу коркунучунан коргоону эл аралык коомчулуктан талап кылышты. Түндүк Рейн- Вестивалия аймагынын парламентинин алдындагы массалык демонстрацияга чыккандар “Радикал жихадчылар Кобани шаарына кирсе күрттөр кырылат» деген жазуулары бар ураандарды көтөрүп турушту.

Акциянын катышуучулары Германия бийлигин сириялык куралсыз, жайкын күрттөргө Түркия чек арасынан жол ачып бериши үчүн Анкарага басым жасоого чакырышты.

Дюссельдорф полициясы нааразылык акциясы тынч өткөнүн билдирди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Сириядагы активисттер «Ислам мамлекети» радикал тобу Түркия менен чектеш Кобани шаарынын ичине тереңдеп киргенин белгилешүүдө. Сириядагы адам укуктарына байкоо салган мониторинг тобунун белгилешинче, согушкерлер Кобани шаарынын кеминде 40 пайызын ээлешти жана жергиликтүү күрт администрациясын өз көзөмөлүнө алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG