Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:43

Сузактык койчулар ашууда 80 кой, 2 жылкыдан айрылды


Нарындын Көк-Суу жайлоосунда ашууда камалган малчылар кыштоого келгиче 80 баш коюнан айрылды. Чабандар айрым койлор суукка кайыгып өлсө, айрымдары ашуудагы туманда адашып кеткенин айтышкан. Бул тууралуу район акими Нурболот Мирзахмедов “Азатыкка” билдирди.

“Азыр Сузактын Беш-Мойнок айылынын төрт жараны 1,5 миң кой менен Тогуз-Торо тараптан Сузакка жолдо келе жатышат. Аларды тосуп алууга тийиштүү топ барышып, малчылар бүгүн же, эртен келип калышат”, - дейт Мирзахмедов.

Ошондой эле ашууда 2 жылкы аскадан учуп кеткендиги кабарланууда. Акыркы тактоолор койчулар келген соң анык болот.

Эске салсак, Сузактын Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын тогуз малчысы 2 миң баш кою менен Нарындын Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7-октябрда калың жааган карга камалып, ашууда калышкан. Чабандардын бири, 52 жаштагы Толкунбай Абдыров суукка тоңуп өлгөн. Анын сөөгү ӨКМдин вертолету менен алынып келинип, туугандарына берилген. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG