Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Путин Австралияда өтө турган «чоң жыйырманын” саммитине катышат


Бул тууралуу Австралиянын каржы министри Джо Хоккей өлкөнүн АВС телеканалына берген маегинди билдирди. Анын айтымында, орус өкмөтү Путин ноябрда Брисбенде өтө турган “чоң жыйырманын” саммитине катышаарын тастыктады.

Украинанын чыгышындагы жаңжалга байланыштуу Путиндин бул саммитке катышуусу саммит мүчөлөрүнүн арасында талаш- тартыш жараткан.

Австралиялыктар 17-июлда Украинанын аймагында кырсыкка учураган учак үчүн Орусияны сынга алышууда. Эл аралык коомчулук аны аймакка көзөмөлдүк кылган орусиячыл жикчилер атып түшүрдү деп шектенип келет.

Кырсыкта курман болгон 298 адамдын жыйырма сегизи австралиялыктар эле.

Ал арада Украин президенти Петр Порошенко да Путин менен кийинки жумада жолугаарын билдирди. Анын айтымында бул жолугушуу 16-17-октябрда Миланда өтө турган “Европа–Азия” саммиттинин алкагында, Германиянын канцлери Ангела Меркель жана Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерондун катышуусунда жүрөт.

XS
SM
MD
LG