Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Эл аралык Кыргыз бийи фестивалы жыйынтыкталды


Кечээ үч айдан бери өтүп келаткан 1-эл аралык Кыргыз бийи сынак-фестивалынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөргө 80 миңден 200 миң сомго чейинки байгелер ыйгарылды.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Алмаз Турдумаматовдун “Азаттыкка” кабарлашынча, сынакка 2 жаштан 86 жашка чейинкилер катышып, балдардын бийи өзгөчө колдоого алынды. Уюштуруучулар фестивалды жыл сайын өткөрүп, сынактын жыйынтыгы чыккандан кийин Кыргыз бий күнүн белгилеп турууну пландоодо.

- Кыргызстанда Кыргыз бий күнүн белгилөө демилгебиз колдоого алынып, ар кандай иш-чаралар өттү. Жыл сайын ушул сынактын соңунда Кыргыз бий күнүн өткөрүп, бийди даңазалап, аны жайылтуу аракеттерин көрөбүз.

Өткөн жылы талашка түшкөн "Кара жорго" бийин Казакстан патенттеп алгандан кийин бир нече уюмдар кыргыздын улуттук бийин аныктоо максатында сынак жарыялашкан. (ZMa)

XS
SM
MD
LG