Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Чехияда “Форум-2000” жылдык конференция ишин баштады


18-жолу өтүп жаткан конференция “Демократия жана нааразычылык: “темир көшөгөдөн” жана Тянанмэн аянтынан кийинки чейрек кылым” темасына арналды.

Катышуучулардын арасында ЮКОСтун мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский да бар. Форумдун ачылышында ал Орусиядагы демократиялык кыймылдын стратегиясы жана тактикасы тууралуу сөз сүйлөдү.

Ходорковский салыктан качкан, мамлекет мүлкүн уурдаган деген айыптар менен эки ирет соттолуп, он жыл камакта отурган. Жактоочулары соттолушунун саясий жүйөсү бар болгонун айтып келишкен.

50 жаштагы мурдагы мунай олигархы камактан бошотулгандан кийин саясатка аралашпасын, бизнеске да кайра барбай турганын белгилеп келген.

“Форум-2000” конференциясын Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел негиздеп, ал биринчи жолу 1997-жылы өткөн. (ZMa)

XS
SM
MD
LG