Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:33

Баш катчы Кобанинин тургундарын коргоого чакырды


БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун дүйнө коомчулугуна кайрылып, “Ислам мамлекети” экстремисттик топ камоого алган Кобани шаарында миңдеген жайкын тургундардын массалык өлтүрүлүшүн болтурбоо үчүн болгон чараларды көрүүгө чакырды. Бул тууралуу баш катчы кечээ Каирде Газа тилкесин калыбына келтирүү маселелери арналган конференциянын жүрүшүндө билдирди.

Күрддөр басымдуулук кылган Кобани шаарынын үчтөн бир бөлүгү “Ислам мамлекети” тобунун көзөмөлүндө турат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG