Линктер

шаршемби, 26-апрель, 2017 Бишкек убактысы 08:28

Зыяратчылардын алгачкы тобу Кыргызстанга кайтып келди


Кечээ таңында Мекеге кеткен зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкекке учуп келди. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты. Кыргызстандык зыяратчылар мусулманчылык парзын аткаруу үчүн Мекеге 8-сентябрдан тарта жөнөй башташкан.

Быйыл Кыргызстандан ажылыкка 3685 адам барган. Мекеге ажылыкка дүйнөнүн булуң-бурчунан жалпысынан 1,5 миллион мусулман барган.

Сауд Арабия “Ислам мамлекети” радикал тобунун аракеттеринен кийин жана MERS, Эбола вирустарынан улам коопсуздук чараларын күчөткөн. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG