Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:17

АКШ элчилиги кумсалар боюнча мыйзамга тынчсызданды


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги Жогорку Кеңеште даярдалган адам укуктарына байланышкан мыйзам долбоорлоруна тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу элчилик тараткан билдирүүдө айтылат. Анда элчилик Билим берүү комитетинин кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун жактыруусуна жана “чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү” мыйзам долбоор боюнча парламенттик угуу уюштуруусуна камтамачылыгын билдирген.

Бул мыйзам долбоорлор адамдын фундаменталдык укуктарын чектеп, демократиялык баалуулуктарга доо кетирерин эскерткен АКШ элчилиги Жогорку Кеңеш депутаттарын буга каршы турууга чакырды.

Өткөн аптада Жогорку Кеңештин Билим берүү комитети кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоорун жактырган. Мыйзам долбоордо гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мыйзам демилгечилери бул чаралар коомдогу адеп-ахлактык баалуулуктарды сактоого негиз болот деп билдиришүүдө. Ошол эле маалда парламентте бейөкмөт уюмдардын каражат булактарын ачыкка чыгаруу боюнча мыйзам долбоору даярдалып, бул боюнча парламенттик угуу өтөөрү дайын болгон.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG