Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Максат Дыйкановдун иши тергелип бүттү


Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максатбек Дыйкановдун иши тергелип бүттү. Бул тууралуу анын адвокаты Сумар Насиза билдирди. Насизанын айтымында, Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Дыйкановдун ишин тергөөнү аягына чыгарды. Учурда ишти Бишкектин райондук сотторунун бирине өткөрүп берери күтүлүүдө.

Максат Дыйканов июль айында камакка алынган. Учурда ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Ага каршы Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Коррупция” беренелери боюнча кылмыш иш козголгон. Дыйканов бул айыптоону четке кагып келет.(BkA)

XS
SM
MD
LG