Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:59

Мамытов: “Центерра Голд” акционердик коом түзүүгө макулдугун берди


Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өткөн аптада Москва шаарында өттү. Телекөпүрө аркылуу уюштурулган сүйлөшүүгө “Кыргызалтындын” өкүлдөрү, кыргыз өкмөтү жалдаган эл аралык юристтер жана “Центерра Голддун” жетекчилери катышты. Сүйлөшүүдө Кумтөр боюнча түзүлө турган биргелешкен ишкананын формасы тууралуу сөз жүрдү:

- Буга чейин кыргыз өкмөтү биргелешкен ишкананы акционердик коом, ал эми “Центерра Голд” жоопкерчилиги чектелген коом катары түзүүнү сунуштап жаткан. Бул боюнча кеңири талкуу болуп, “Центерранын” өкүлдөрү биздин сунушка алдын-ала макулдугун берди. Ошондой эле Жогорку Кеңеш кабыл алган меморандум боюнча 50 пайыздык теңме-тең үлүштөгү ишкана түзүлсө, быйылкы дивиденддер кандай бөлүнөрүн да талкууладык. Анын жыйынтыгында, быйылкы дивиденддерди теңме-тең бөлүүгө макулдаштык. Бул жерде 40-50 миллион доллардай каражат болушу мүмкүн, - деди Мамытов

Кийинки сүйлөшүүнү ушул айдын аягында өткөрүү сунушталаганын “Кыргызалтындын” жетекчиси кошумчалады.

Ушул жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш Кумтөрдө үлүш теңме-тең бөлүнгөн шартта биргелешкен ишкана түзүү боюнча келишимди жактырган. Эми дагы кошумча 10дон ашык келишим түзүлүп, аны парламент жактырышы керек. Бул үчүн парламент 15-декабрга чейин өкмөткө убакыт берген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG