Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:01

“Коопсуз шаар” боюнча тендердин алгачкы айлампасы өттү


Долбоордун биринчи турунда сегиз компания өз документтерин тапшырган. Аларын арасында Кыргызстандан үч, Кытайдан эки, Түркия, Израил, Молдовадан бирден компания катышты. Эми тендердик комиссия бул компаниялардын сунуштарын иликтеп, жеңүүчүнү аныктамакчы. Тендердик комиссияга Жогорку Кеңеш депутаттары, тиешелүү министрлик кызматкерлери жана жарандык коом өкүлдөрү кирген.

“Коопсуз шаар” долбоору өлкөдөгү Бишкек, Ош, Каракол шаарларынын көчөлөрүнө жана Бишкек-Каракол жолуна видеокөзөмөл орнотуу аркылуу коопсуздукту камсыздоону көздөйт. Камералар борбордук аянттарга, сейил бактарга, ири базарларга жана соода жайларына да орнотулат.

Кыргыз өкмөтү эки жылдан бери “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыра албай келет. Болжол менен ага 43 миллионго жакын доллар керек. (BkA)

XS
SM
MD
LG