Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

Боливиядагы президенттик шайлоодо Эво Моралес жеңишке жетишти


Шайлооканаларда жүргүзүлгөн сурамжылоолордун (Exit-polls) жыйынтыгына караганда, 12-октябрдагы шайлоодо добуштардын 60 пайызы Боливиянын президенти Эво Моралиске берилген. Бул маалыматка таянып Моралес президенттикке кайрадан, үчүнчү мөөнөткө шайланганын бүгүн билдирди. Анын атаандашы Самуэл Дориа Мединага шайлоочулардын 25 пайызы добуш берген. Шайлоо комиссиясы толук жыйынтыкты бүгүн кечинде чыгарат деп күтүлүүдө.

54 жаштагы Моралес Боливияны 2006-жылдан бери жетектеп келет. Ал оңчул идеяларды жана Венесуэланын мурдагы президенти Уго Чавес алып чыккан социализм концепциясын жактайт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG