Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Өзгөн: райондук сот төрагасына кылмыш иши козголду


Оштун Өзгөн райондук сотунун төрагасынын милдетин аткаруучуга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган кызматка 25-сентябрда Орусиянын жараны арыз менен кайрылган. Ал соттук айып пул катары төлөнгөн 2 миллион сом каражатты аталган судья өз пайдасына колдонулганын билдирген. Бул арыз боюнча текшерүү жүргүзүлүп, арызда айтылган маалыматтар тастыкталды. Бул боюнча Кылмыш кодексинин “Кызмат абалынан ашыкча пайдалануу” жана “Алдамчылык” беренелери боюнча иш козголду.(BkA)

XS
SM
MD
LG