Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:30

Коррупцияга каршы кызматтын кызматкерлери пара менен кармалды


УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы кызматтын Баткен облустук башкармалыгынын эки кызматкери пара менен кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, ушул айдын башында Өзбекстандын жараны арыз менен кайрылып, аталган кызматкерлер 2 миң доллар пара талап кылганын билдирген. Бул арыздын негизинде текшерүү жүргүзүлүп, 12-октябрда 2 миң доллар пара алып жаткан жеринен УКМКнын Баткен облустук башкармалыгын бөлүм башчысы жана Коррупцияга каршы кызматтын кызматкери кармалды. Бул факт боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет өз кызматкерлеринин кармалганын четке кагууда. УКМКнын билдиришинче, алар кылмышка шектүү катары эмес, болгону күбө катары гана көрсөтмө беришкен.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG