Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:41

“Ата Мекен” “Вечерний Бишкектин” маселесин талкуулайт


Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында соңку кезде “Вечерний Бишкек” гезитинин тегерегинде түзүлгөн кырдаал талкууланып, депутаттар тиешелүү тараптардын пикирлерин угат. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Жакында эле “Вечерний Бишкек” гезити басылманы рейдерлик жол менен тартып алганы жатат деп президенттин кеңешчиси Фарид Ниязовду айыптап чыккан. Редакциянын жүйөсүндө, Ниязов мурдагы кызматкерлерди чогултуп, гезитти өз көзөмөлүнө алууга аракет кылып жатат. Бирок Ниязов бул айыптарды четке кагып, акылга сыйбаган жалаа деп сыпаттаган.

Биринчи май райондук соту 24-сентябрда аталган басылманын “Рубикон” реклама фирмасынын 50 пайыз акциясын мурунку негиздөөчүлөрдүн бири Александр Рябушкинге кайтаруу тууралуу чечим чыгарган. Гезиттин жамааты Рябушкиндин артында Фарид Ниязов турат деп шектенип жатышат. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG