Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:56

Тамеки чегүүнү кыскартуу жөнүндө мыйзам долбоору каралат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде мамлекеттик мекеме, уюмдарда тамеки тартууга тыюу салуу, тамекинин баасын кымбаттатуу өңдүү чараларды караштырган мыйзам долбоору талкууланат.

Мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, депутат Дастан Бекешов мыйзам долбоору учурдун талабы болуп жатканын “Азаттыкка” билдирди:

- Тамеки үчүн акциздик салыкты көтөрүш керек, мамлекеттик ишканаларда эч ким тамеки тартпасын деген чектөөлөрдү киргизип жатабыз. Аба майданында тамеки чексе болот, бирок атайын жайларда. Мамлекет идеология катары ушул мыйзам долбоорун колдоп бериш керек.

Дарыгерлер Кыргызстанда өпкөнүн өнөкөт оорусунан өлгөн адамдардын саны өскөнүн айтышат. Соңку учурларда өзгөчө жаштар арасында тамеки чеккендер көбөйгөнүн эл аралык изилдөөлөр да тастыктайт. (ZMa)

XS
SM
MD
LG