Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов ишкерлер менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, жыл сайын салык түрүндө 650 млн. сом чогултулат.
“Өкмөттө транспорт салыгынан толугу менен баш тартып, аны бензиндин баасына кошкон мыйзам долбоорун иштеп чыгуу идеясы бар. Бирок бул азырынча идея гана”, - деди Осмонов.
Мыйзам боюнча, ар бир машиненин ээси 1-сентябрга чейин транспорт салыгын төлөш керек. Кыргызстанда сентябрдын этегинен бери бензиндин баасы 1 сомго кымбаттап, айдоочулардын нааразылыгын жаратууда. (ZMa)