Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Астанада кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны уланат


Энергетика, соода, өнөр жай, транспорт, чек ара кызматташтыгы боюнча маселелер талкуулана турган жыйынга Кыргызстандын өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев катышат. Астанага кечээ барган Жоомарт Оторбаев казак өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолукту. Жолугушууда энергетика тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.

Кыргызстан быйылкы кышта Казакстандан кошумча электр энергиясын сатып алууну көздөөдө. Бул маселе өткөн аптада Минсктеги КМШнын саммитинин алкагында эки өлкө башчылары Алмазбек Атамбаев менен Нурсултан Назарбаев жолукканда талкууланган.

Жакында эле Алмазбек Атамбаев өлкөнүн энергетика тармагындагы кризис боюнча өз пикирин билдирип, электр кубатын өчүрүүнү жаңылыштык деп баалап, бул үчүн жоопкерчиликти өзүнө алууга жөндөмсүз аткаминерлерди сындаган. Ушул билдирүүдөн кийин эле энергетика министри Осмонбек Артыкбаев кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG