Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:37

Бишкекте күйүүчү майдын кымбатташына каршы акция өтүүдө


Акция Бишкектин түштүк тарабында Ак-Кеме мейманканасынын жанында орун алган Ормон Хандын эстелигинин алдында өтүүдө. Эстелик орун алган Тынчтык проспектиси аркылуу мамлекеттеги биринчи бийлик адамдары Акүйдөн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына каттайт. Акциянын уюштуруучулары өз талаптарын бийликке жеткирүү үчүн ушул жерди тандап алышкан. Ага “Жаңы муун” кыймылынын онго жакын мүчөсү катышууда. Алар өлкөдөгү акыркы айлардагы күйүүчү майдын кымбатташы жарандар үчүн кыйын болуп жатканын айтып, өкмөт бул жаатта эч кандай чара көрбөгөнүн сынга алышууда.

Окуяга көз салган “Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, ушул эле жерде бул иш-чарага каршы дагы бир акция өтүп баштады. Ага катышкан онго жакын адам, “Жаңы муун” кыймылынын мүчөлөрүн бул акцияны өздөрүнүн атын чыгаруу үчүн уюштурууда деп айыптап жатат.(UEz/BkA)

XS
SM
MD
LG