Линктер

ишемби, 29-апрель, 2017 Бишкек убактысы 06:12

Жаштар театры күзгү сезонун ачты


Бүгүн Бакен Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаштар театры өзүнүн 25-театралдык сезонун драматург Жаныш Кулманбетовдун “Талант жана тагдыр” спектакли менен ачат. Бул спектакль СССРдин эл артисти, театр жана кино актрисасы Бакен Кыдыкеевага арналып жазылган.

Театрдын андан кийинки репертуарында М.Мамазаированын “Аппак аял, Айдай кыз”, А.П.Чеховдун “Сунуш”, Ө.Токтомуратовдун “Достукка карай узак жол”, М.Байжиевдин “12 күн”, Ж.Осмоновдун “Үч кемпир” спектаклдери коюлмакчы. (ZA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG