Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:05

Орусияга эт экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат


Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев билдирди. Анын айтымында, өткөн аптада ШКУнун айыл чарба министрлеринин жыйынынын алкагында Орусиянын айыл чарба министри менен эт азыктарын экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Анда орус тарап бул маселе боюнча алдын ала макулдук берди. Эми эт азыктарын жөнөтүүнүн шарттары боюнча сүйлөшүүлөр өтөт. Бул иштер бүткөн соң, Кыргызстандан эт жана сүт азыктарын экспорттоо башталмакчы.

Орусия бир катар батыш өлкөлөрүнөн кирчү айыл чарба азыктарына чектөө койгондон кийин кыргыз өкмөтү аталган товарларды Кыргызстандан жөнөтүү ниетин билдирген. Ага ылайык, жылына 200 тонна жашылча-жемиш жана 50 тонна эт азыктарын Орусияга экспорттоого мүмкүнчүлүк бар экенин айткан. Кыргызстан учурда тышка эт азыктарын чыгара албайт. Коңшу өлкөлөргө мал тирүүлөй гана чыгарылат. Орусия жана Казакстан мал ылаңынын көбөйүшүнөн улам Кыргызстандын эт азыктарын 2009-жылдан бери өлкөсүнө киргизбейт.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG