Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Электр энергиясынын жаңы тарифи боюнча токтом даярдалууда


Кыргыз өкмөтү электр энергиясына байланышкан жаңы тариф саясаты боюнча токтомдун долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин статс-катчысы Батыркул Баетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, анда электр энергиясын үч фазадан колдонгондорго бааны көбөйтүү жокко чыгарылышы мүмкүн:

- Буга чейин тариф маселеси боюнча сот болду. Андан сырткары коомчулук да мунун сынга алып жатат. Мунун баарын эске алып жатабыз. Анын укуктук-ченемдик жагы да каралууда. Ушунун баарын эске алуу менен жаңы тарифтик саясат киргизилиши мүмкүн, -деди Баетов

29-сентябрда Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясына жана жылуулукка болгон бааларды көтөрүү боюнча токтомун жокко чыгарган. Өкмөттүн тариф саясаты боюнча жаңы токтомуна ылайык, электр энергиясын 3 фазада колдонгондорго 1-сентябрдан тарта баа 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн .

Президент Алмазбек Атамбаев тарифти көтөрүү чечимин сынга алып, өкмөт тарифтик саясатты кайрадан карап чыгып, тиешелүү оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизүүгө милдеттүү экенин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG