Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:32

Шаардык кеңеш Бишкек мэринин ишин сынга алды


Бишкек шаардык кеңештин депутаттары борбордун мэри Кубанычбек Кулматовдун ишин сынга алды.

Депутаттар Кулматовду шаардагы тазалыкты камсыз кылбай, жашылдандыруу маселелерин жөнгө сала албай жатканын билдиришти.

Шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов мэрдин ишине “2” деген баа бере турганын билдирип, мэрди жакшы иштөөгө чакырды.

Бүгүн шаардык кеңеш мэриянын тазалык жана жашылдандыруу жаатындагы ишин талкуулап жатат. Буга чейин мэриянын бул жааттагы иштерине бир катар сындар айтылып келген эле.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG