Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

Роухани: Атомдук программа боюнча мунаса табылышы мүмкүн


Ирандын президенти Хасан Роухани Тегеран менен дүйнөлүк державалар 24-ноябрга чейин атомдук программа боюнча мунасага келе алышы мүмкүн деп билдирди. Дүйшөмбүдө улуттук телеканалдан сүйлөгөн президент олуттуу пикир келишпестиктерге карабай, Ирандын келишимге жетишүүгө “саясий эрки” бар деди. Ага чейин өлкөнүн атомдук программа боюнча сүйлөшүүлөрдөгү өкүлү Аббас Аракчи талкуулар созулушу ыктымал деген. Тегерандын жана алты өлкө – АКШ, Кытай, Орусия, Франция, Британия жана Германия кирген топтун өкүлдөрү апта соңунда Венада чогулат деп күтүлүүдө. Тараптар Ирандын уран байытуу программасынын көлөмү боюнча мунасага келе албай жатышат.

Батыш Тегеран уранды курал жасоо үчүн байытып жатат деп шектенсе, Иран бул дооматты четке кагууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG