Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:57

Көпчүлүк коалициянын жыйыны эртеңкиге жылдырылды


Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция жыйыны эртеңкиге жылдырылды. Бул тууралуу Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков билдирди. Анын айтымында, жыйынга жетиштүү сандагы депутаттар катышпай, кворум болгон жок. Бүгүнкү жыйында коалициялык көпчүлүк Сотторду тандоо кеңешине мүчөлөрдү тандамак.

Мыйзам боюнча сотторду тандоо кеңешине мүчөлөрдүн үчтөн эки бөлүгү жарандык коомдон көрсөтүлөт. Анан аларды Жогорку Кеңеште парламенттеги көпчүлүк менен азчылык өз алдыларынча бекитет. Он алты мүчө парламент тарабынан тандалып, калган сегизи Cоттор кеңешинен сунушталат. Жалпысынан Cотторду тандоо кеңешинин курамы 24 адамдан турат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG