Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Башкаруу академиясы президенттин сынын четке какты


Президенттин алдындагы Башкаруу академиясы өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин кыргыз тили боюнча айткан сынын четке какты. Бул тууралуу аталган окуу жай тараткан бүгүнкү билдирүүдө айтылат. Анда окуу жайда кыргыз тил предмети окутулуп, бир катар окутуучулар кыргыз тилинде дарс окушары жана мамлекеттик тилде бир катар басылмалар чыкканы айтылган. Ошондуктан, академия өкүлдөрү президент айткан сынды “акылга сыйбайт” деп атады.

Бүгүн Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына карата жыйында профессору Айдарбек Көчкүнов Башкаруу академиясында окуу орус тилинде гана жүргүзүлөрүн билдирген. Президент бул маалыматты текшерүүнү тапшырып, эгер тастыкталса окуу жайдын жетекчилеринин жоопкерчилигин караларын айткан. (BkA)

XS
SM
MD
LG