Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:07

Украин парламентинин жанында милиция менен демонстранттар кагылышты


Украин парламентинин сыртында милиция менен демонстранттар кагылыша кетти. Күбөлөрдүн айтымында, аламандаган эл тартип коргоочуларга петарда ыргытып, парламент имаратына кирүүгө аракеттеништи. Жогорку Раданын төрагасы жыйынды жаап, кийин депутаттарды чукул чогултарын айтты. Эртең менен “Эркиндик” партиясынын активисттери Жогорку Рададан Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы украин козголоңчу топторун улуттук каармандар деп таанууну, коммунисттик идеологияга тыюу салууну талап кылышты. Кийинчерээк парламентке Оңчул сектордун желектерин көтөргөн топ келип, имаратка Молотов коктейлин ыргытканда милиция менен кагылышуу тутанган. Бирок Оңчулдар сектору менен Эркиндик партиясы бул окуяга тиешеси жоктугун ырасташууда.

Украинанын козголоңчулар армиясы 1942-1954-жылдары өлкө аймагында иш алып барган. Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда советтик аскерлерге жана нацисттерге каршы күрөшкөн. Согуш аяктагандан кийин армиянын бөлүктөрү советтик бийликке каршы күрөшүн уланткан.

XS
SM
MD
LG