Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:52

Сузак: үй тоногон топ кармалды


Ушул жылдын август жана сентябрь айларында Сузак жана Ноокен районундагы алты үйдү карактаган беткапчан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Сузак райондук ИИБ башчысы Нурбек Жаныбеков "Азаттыкка" билдирди.

Кылмышка шектүүлөр жалпысынан үй ээлерин коркутуу жолу аркылуу 300 миң сомдон ашуун акча, алтын буюмдар менен катар уюлдук телефондорду каракташкан. Бул боюнча беш киши кармалды. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин "Карактоо" ”Уурулук”, “Баңги затын сактоо”, “Мыйзамсыз курал алып жүрүү” беренеси боюнча иши козголду.

Кылмышка шектүүлөрдөн курал-жарак жана маңзат алынып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. (RsK)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG