Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык биримдигин түзүү боюнча ратификация мыйзамына кол койду. Ушундай эле мыйзамга Беларус президенти Александр Лукашенко өткөн аптада, орус президенти Владимир Путин 3-октябрда кол коюшкан. Бажы биримдигинин негизинде түзүлгөн жаңы биримдик эмки жылдын 1-январынан тарта ишке киришмекчи. Украинадагы кризистен улам Батыштын санкцияларына туш болгон Москва мурдагы советтик жумурияттарды ага кошууга аракет көрүүдө. Армениянын президенти 10-октябрда Минскидеги саммитте экономикалык альянска кирүү боюнча келишимге кол койду.
Кыргызстан мамлекет башчысы болсо өлкө жыл этегине чейин кошулат деп үмүттөнөөрүн айтты.