Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:43

Бүгүн көпчүлүк коалициянын кеңешинин отуруму өтөт


Кворум чогулбай калгандыктан кечээ отурум бүгүнкүгө которулган. Депутаттар комитеттерде иштеп жаткандыктан кеңештин отурумуна катыша албай калганы кабарланды.

Көпчүлүк коалиция Сотторду тандоо кеңешине өз квоталарын бекитиш керек болчу.

Мыйзам боюнча Сотторду тандоо кеңешине мүчөлөрдүн үчтөн эки бөлүгү жарандык коомдон көрсөтүлөт. Анан аларды Жогорку Кеңеште парламенттеги көпчүлүк менен азчылык өз алдыларынча бекитет. Он алты мүчө парламент тарабынан тандалып, калган сегизи Cоттор кеңешинен сунушталат. Жалпысынан Cотторду тандоо кеңешинин курамы 24 адамдан турат.

Азыр Кыргызстан боюнча 100го жакын судьянын орду бош турат. Судьялар таңсыктыгынан улам сотторго кайрылган жарандар жабыркап жатканы кабарланган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG