Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Шайлоо системасына арналган коомдук талкуу өтөт


Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча жумушчу топ уюштурган иш-чарада 2015-жылы өтчү парламенттик шайлоонун техникалык аспекттери, шайлоо системасын өзгөртүүгө багытталган мыйзам долбоорлор талкууланат.

Жумушчу топтун мүчөсү Анарбек Исмаиловдун «Азаттыкка» билдиргенине караганда, биометрикалык маалыматтарды колдонуу жана коргоо боюнча жасалган аракеттер да талдоого алынат:

- Биометрикалык маалыматтарды топтоп жатабыз. Ошол боюнча коомдо анча-мынча түшүнбөстүктөр бар. Биз ушунун тегерегинде талкуу өткөрөйүн деп жатабыз.

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо 27-августта бийлик адамдарынан башталган жана кийинки жылдын 1-августуна чейин аягына чыгышы керек. Өлкө боюнча болжол менен 3 миллион 462 адамдан өздүк маалыматтар алынат. Улуттук өнөктүктү миңге жакын мүчөсү бар атайын топ жүргүзөт.

Кыргызстан үчүн биометрикалык жабдыктарды сатып алуу боюнча тендерди германиялык Giesecke&DevrientGmbH компаниясы жеңип алган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG