Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Маматалиев АКШ Мамдепартаментинин өкүлү менен жолугушту


Вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев жана АКШнын мамкатчысынын Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Дэниел Розенблюм коопсуздук, эл аралык терроризмге жана адам сатууга каршы күрөш маселелерин талкуулашты.

Абдырахман Маматалиевдин «Азаттыкка» кабарлашынча, Розенблюм эл аралык терроризм менен күрөштө Кыргызстандын АКШга көрсөткөн колдоосуна ыраазычылык билдирген.

- Борбор Азия аймагында кырдаал дагы деле тынчсыздандырып турат. Анткени Ооганстандан коалициянын күчтөрү чыгып кеткенден кийин ошол өлкөдөн коркунуч бар экени жолугушууда белгиленди. Ошондой эле коопсуздук, коргоо маселелеринде кызматташтыкты мурдагыдай эле уланта берүүнү макулдаштык.

Жолугушууда тартип коргоо органдарын реформалоо маселесине да көңүл бурулду. (ZMa)

XS
SM
MD
LG