Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:06

Жогорку Кеңеш элчиликтин билдирүүсүнө жооп кайтарды


Парламенттин басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө жакында эле депутаттардын кумсаларга байланыштуу жактырган мыйзам долбоору Конституциянын нормаларына жооп берип, өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерин бузбай турганы белгиленген.

Билдирүүдө мыйзам долбоору бирдей жыныстагы адамдардын мамилесин жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырууга тыюу салуу адам укуктарын бузбай турганы, салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоого багытталганы айтылат.

13-октябрда АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирүү таратып, Жогорку Кеңештин депутаттары жактырган мыйзам долбоору адамдын фундаменталдык укуктарын чектеп, демократиялык баалуулуктарга доо кетирери эскертилет. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG