Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:55

Көк-Таш-Ак-Сай жолундагы көпүрө курулуп бүттү


Мындай маалыматты Баткен районунун акиминин орун басары Таалай Ибраимов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматта айтылгандай, аталган жолдо жардыруу иштери аяктап, жолдун курулушу жүрүп жатат. Октябрь айынын аягына чейин бул жолдо каттамга уруксат берилип, иш толугу менен ноябрь айында бүтөт.

Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу өткөн жылдын 17-декабрында башталган. Тажик тарап бул жолдун курулушуна каршы болуп, бир нече жолу жаңжал чыккан эле. Ошол мезгилден баштап жолдун курулушу токтоп калган болчу. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 27-августта аталган жолдун курулушу жанданган. (JsA)

XS
SM
MD
LG