Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:20

Өкмөт “Кыргызалтындын” акциялары боюнча жыйынга чогулат


Кыргыз өкмөтү Канада сотунун Кумтөр долбоорундагы 60 пайыздык акциянын камакка алынышы боюнча бүгүн жыйынга чогулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Жыйында Кумтөрдөгү Кыргызстандын акцияларына байланыштуу жаралган жагдай боюнча консультациялар өткөрүлмөкчү.

Кечээ Канададагы Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алуу чечимин кабыл алганы кабарланган. Анда аталган сот канадалык Stans Energу компаниясынын арызынын негизинде чечим кабыл алган. Буга чейин Москвадагы Соода-өндүрүш палатасынын алдындагы Арбитраж Кеминдеги Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендери боюнча Stans Energу компаниясынын арызын канааттандырып, кыргыз өкмөтүн 118 миллион доллар доого жыккан.(AiT/BkA)

XS
SM
MD
LG