Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:11

Башкаруу академиясын текшерүү боюнча комиссия түзүлдү


Президенттин алдындагы Башкаруу академиясындагы абалды текшерүү боюнча атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул комиссиянын курамына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Билим берүү жана илим министрлиги менен кошо Президенттик аппараттын өкүлдөрү киришкен. Алар 18-октябрга чейин аталган окуу жайдагы абалды текшерип, президентке маалымат беришет.

Шейшембиде Кара-кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнүн 90 жылдыгына карата жыйында профессор Айдарбек Көчкүнов Башкаруу академиясында окуу орус тилинде гана жүргүзүлөрүн билдирген. Президент бул маалыматты текшерүүнү тапшырып, эгер тастыкталса окуу жайдын жетекчилеринин жоопкерчилиги караларын айткан. Ал эми аталган окуу жай өлкө башчынын сынын четке каккан болчу.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG