Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

“Жаңы муундун” мүчөлөрүн сотко алып келишти


Бишкектеги нааразылык акция учурунда кармалган “Жаңы муун” кыймылынын беш мүчөсүн Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” кармалгандардын бири Адил Турдукулов кабарлады. Анын айтымында, учурда алар сот имаратында кармалышууда. Азырынча айып тагыла элек.

Кармоо маалында милиция күч колдонгонун айткан Турдукулов медициналык экспертизаны талап кылышкан. Бирок укук коргоо органдары ал талапка көңүл бурбай жатат.

Бүгүн Бишкектеги Горький сейил багында “Жаңы муундун” мүчөлөрү өлкөдө күйүүчү май жана электр энергиясына баанын көтөрүлүшүнө каршы акция өткөрмөк. Бирок акция башталар алдында милиция кызматкерлери аларды күч менен кармап кеткен.

Ал эми Бишкек милициясынан бүгүнкү акцияны өткөрүүгө уруксат алынбаганы жана укук коргоо кызматкерлерине каршылык көрсөткөнү үчүн анын уюштуруучулары милицияга түшүндүрмө берип жатканын кабарлашты.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG