Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:28

Казакстандан 1 миллиард кВт.саат электр энергия сатып алуу макулдашылды


Кыргызстан кышкы сезон үчүн бир миллиард кВт. саат электр энергиясын сатып алууну коңшу өлкө менен макулдашты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Нурбек Элебаев билдирди.

Анын айтымында, шейшембиде жыйынтыкталган Астанадагы кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында жогоруда көрсөтүлгөн көлөмдөгү электр энергиясын сатып алуу алдын ала макулдашылган. Келишимге ушул аптанын соңуна чейин кол коюу күтүлүүдө. Анын баасы үч сомдун тегерегинде болот деп болжолдонууда.

Буга чейин кыштан кыйналбай чыгуу үчүн керектелген электр энергиянын көлөмү 2,4 миллиард кВт.саат деп эсептелген.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG