Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Рула Гани аялдардын коомдогу ролун көтөрүүгө аракет кылат


Бул тууралуу Ооганстандын биринчи айымы Рула Гани Los Angeles Times гезитине берген интервьюсунда билдирди. Ал өлкөнүн салт-санаасына каршы чыкпай турганын, бирок азыр иштеп аткан институттар аркылуу ооган аялдардын абалын оңдоого аракет кыларын айтты.

Ошондой эле кыз-келиндердин билим алуусу, иштеши алардын коомдогу, үй-бүлөдөгү ролун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берерин кошумчалады.

Президент Ашраф Ганинин жубайы Рула ливандык христиан. Көп жыл жолдошу менен АКШда жашаган. Мурдагы президент Хамид Карзайдын аялы коомчулукка көп чыкчу эмес. Ошондон улам ал «көзгө көрүнбөгөн биринчи айым» атка конгон. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG