Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:37

Оштун тургундарына суюлтулган газ баллондор таратыла баштайт


Шаардын вице-мэри Абдырахман уулу Кутманалынын билдиргенине караганда, 1-ноябрга чейин 1 775 үй-бүлө газ баллон менен камсыздалат.

Вице-мэр баллондор Белорустан жеткирилерин, буга байланыштуу тендер 8-сентябрда жыйынтыкталып, эми сатып алуучу компаниялар өндүрүүчү завод менен келишим түзүүгө киришкенин айтып, шаар тургундары көмүр да ала турганын кошумчалады.

Апрель айында Өзбекстан газ берүүнү токтотуп койгондон бери Ош көгүлтүр отсуз калып, жашоочулар суюлтулган газды пайдалануу ыкмасына өтө баштаган. Ошто 60 миңдей газ абоненти бар. Аларга болжол менен 16 миң тоннанын тегерегинде суюлтулган газ керектелет. (ZMa)

XS
SM
MD
LG