Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:35

Украин кризисинин Кыргызстандагы интеграциялык процесстерге таасири талкууланат


Эл аралык видеоконференция Уфа шаарындагы (Башкортстан) Гуманитардык изилдөөлөр институтунда өтөт. Конференциянын катышуучулары учурдагы геосаясий кырдаалды талкуулап, ички коопсуздукка коркунуч келтирген факторлорду жоюу боюнча Кыргызстан үчүн эксперттик сунуштарды иштеп чыгышат.

Ошондой эле окумуштуулар Кыргызстанда Украинадагы кырдаалдын кайталанбашы үчүн ошол өлкөнүн мисалында геосаясий каршылаштар жана коомдогу деструктивдүү күчтөр жөнүндө сөз кылышат.

Эксперттер евразиялык интеграциянын формаларын жана принциптерин, экономикалык, маданий, миграциялык аспекттерин талкуулашат. Телекөпүрөгө эки өлкөнүн философдору, социологдору, экономисттери жана журналисттери катышат. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG