Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Украин аскер жетекчилиги: ок атышуу уланууда


Украинанын аскер жетекчилиги Донецк облусунда жикчилдер минометтордон украин аскерлерин аткылап жатканын кабарлады. Украинанын чыгышындагы аскердик операциялардын маалымат борбору кабарлагандай, украин аскерлери да жооп кайтарып, ок ачууда. Мариуполь жана Донецкидеги аба майданы украин күчтөрүнүн көзөмөлүндө кала берүүдө.

Украинанын Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, 5-сентябрдан бери өлкөнүн чыгышында 68 жоокер жана 51 жайкын тургун набыт болуп, жикчилдер ок атышпоо тууралуу макулдашууну 1400 жолу бузган. (ZMa)

XS
SM
MD
LG