Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:44

Бүгүн Онкология борборунун башчылыгына сынак өтөт


Буга байланыштуу Улуттук онкология борборунун жамааты Жогорку Кеңештин төрагасына, премьер-министрге жана Саламаттык сактоо министрлигине кайрылуу жолдоп, башчыны шайлоо белгиленген убакытта демократиялык жана мыйзамдуу жол менен өтүүсүн камсыздап берүүнү өтүнүшкөн.

Кайрылууда жамаат беш жылдан бери легитимдүү башчысыз иштеп жатканы, мындан улам башаламандыктар орун алып, борбор эл аралык деңгээлде гана эмес, Кыргызстанда да өз статусун жоготуп баратканы айтылган.

Августтун башында Улуттук онкология борборунун башкы дарыгери Бактыгүл Султангазиева Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен кызматынан алынган. Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, мындай чечимге атайын комиссиянын корутундусу себеп болгон. 15 эксперттен турган комиссия аталган борбордон одоно мыйзам бузууларды таап чыккан.

Анын алдында ушундай эле чечим менен ушул эле борбордун балдар бөлүмүнүн башчысы Дамира Байзакова ээлеген кызматынан четтетилген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG