Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:53

Абдылдаев: Министрдин милдетин аткаруучу Турдубаев соттолгон


Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев айтып чыкты. Анын айтымында, Энергетика жана өнөр жай министрлигине талапкер катары көрсөтүлүп жаткан Кубанычбек Турдубаев 2004-жылы “Чыгышэлектро”ишканасында иштеп турганда Каракол шаардык сотунун чечими менен ишиндеги кемчиликтери үчүн жоопкерчиликке тартылган. Депутат Турдубаевди министрликке көрсөтүүдөн мурун бул маселени тактап алуу зарылдыгын билдирди.

Кубанычбек Турдубаев бул фактыны моюнуна алды. Анын айтымында, 2004-жылы Жети-Өгүз электр тармактар ишканасында башчы болуп иштеп турганда, “Чыгышэлектро” ишканасынын жетекчилери менен бирге кылмыш иш ачылган.

- Ошол кезде “Чыгышэлектро” ишканасынын жетекчилери баш болгон 27 адамга иш козголгон. Анын негизинде жоопко тартылып, акчалай айып пул салынган. Бирок чечим кийин жокко чыгарылган. Мен муну жашырбайм, президентке да бул боюнча айткам, - деп билдирди Турдубаев.

Бүгүн өкмөт Энергетика жана өнөр жай министрлигине Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңешке сунуштады. Учурда бул маселени парламент талкуулап жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG