Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

Гонконг лидери демонстранттар менен сүйлөшүүнү сунуштады


Гонконг администрация башчысы Лен Чжэн-ин демократияны талап кылып демонстрацияга чыккандардын лидерлери менен кайрадан жолугушууну бүгүн сунуштады. Шаар башчысынын сунушу 15-октябрда полиция демонстранттардын бирин сабаган видео Интернетке тараган соң айтылды. Бул окуядан көчөгө чыккандардын саны дагы көбөйдү. Шаарда үч аптадан бери созулган наарызылык акциясынын айынан борбордук көчөлөр жабылып, шаар жашоосунун ыргагы бузулду. Бүгүн таңда администрицияга барчу жолду тосууга аракет кылгандарга көздөн жаш агызуучу газ колдонду.

Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн демонстранттар сентябрдын этегинен бери саясий реформаларды талап кылып, массалык митингдерди өткөрүп келатышат. Демонстрацияга чыккан он миңдеген жарандар Бээжинди 2017-жылкы жергиликтүү шайлоодо бийликке өз кишилерин алып келүүгө аракет жасоодо деп айыпташууда. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG