Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:39

Энергетика министрлигине талапкерди кароо артка жылдырылды


Жогорку Кеңеш Энергетика жана өнөр жай министрлигине Кубанычбек Турдубаевдин талапкерлигин кароону артка жылдырды. Мындай чечим Турдубаевдин соттолгону тууралуу маалымат ачыкка чыккандан соң кабыл алынды. Талкуу учурунда депутат Мыктыбек Абдылдаев Турдубаевдин 2004-жылы “Чыгышэлектро”ишканасында иштеп турганда Каракол шаардык сотунун чечими менен ишиндеги кемчиликтери үчүн соттолгонун айтып чыккан. Мындан соң “Ата-Мекен” фракциясы анын талапкерлигине каршы добуш берерин анын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Анын айтымында, соттолгон адамды министрликке дайындоо мыйзамдарга каршы келип, коррупция менен күрөшкө доо кетирет.

“Ата-Мекендин” каршылыгынан кийин Социал-демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Турдубаевдин талапкерлигине добуш берүүнү артка жылдырууну сунуштады. Бул сунушту көпчүлүк депутаттар колдоду.(BkA)

XS
SM
MD
LG