Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:38

Ооганстанда «Хакканинин» эки лидери камалды


Ооган чалгын кызматынын билдиришинче, өлкөдө адам өлүмүнө алып келген чабуулдарга жана адам уурдоолорго катыштыгы бар делген “Хаккани” террористтик тобунун эки лидери камалды. Улуттук коопсуздук башкармалыгы, алардын бирөө топтун негиздөөчүсү Жалалиддин Хакканинин тууганы, экинчиси топтун аскерий жектекчиси Хафис Рашид экенин айтты.

Пакистанда орун алган «Хаккани» тобу талибдер жана «Аль-Каида» менен байланышта болуп келет. АКШ аны эң коркунучтуу террористтик топтордун бири деп эсептейт. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG