Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:06

АКШ: Кобанидеги салгылашта жүздөгөн согушкер өлтүрүлдү


АКШ башында турган коалициялык күчтөрдүн “Ислам мамлекети” радикал тобунун Кобанидеги турумуна урган соккусунан жүздөгөн согушкер өлтүрүлдү. Бул тууралуу Пентагондун расмий өкүлү Жон Кирби билдирди. Мынча согушкер канча убакыттын ичинде өлтүрүлгөнү айтылган жок.

АКШнын борбордук командачылыгынын билдиришинче, коалициялык күчтөр бул аймакка 1-октябрдан баштап сокку урган.

13-октябрда согушкерлер Ирактын Анбар чөлкөмү менен Сириянын Кобани шаарында бир топ жерлерди ээлеп алууга жетишкен. АКШ башында турган коалициялык күчтөр согушкерлердин Кобанидеги турумуна сокку уруусун күчөттү. Түркия менен чектеш бул аймактагы күрттөрдү коргоо үчүн 13-14-октябрда абадан 21 жолу сокку урулду.

Активисттер жана жергиликтүү бийлик, абадан сокку уруулар Кобанини коргоого чыккан күрт күчтөрүнүн позициясын бекемдегенин билдиришти. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG